Өз ара кызматташуу келишими түзүлдү.

,
PHOTO-2022-07-26-16-17-11.jpg

2022-жылдын 22-июль күнү Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринардык факультетинин биргелешкен тажрыйба алмашуу долбоорунун биринчи этабы алкагында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен Түрк Ветеринардык Бирдигинин ортосунда өз ара кызматташуу келишими талкууланып, кол коюлду.

Келишимдин негизи, эки тараптын тамак-аш жана эпизоотиялык коопсуздук, айыл чарба малдарынын кунардуулугун жогорулатуу, ветеринардык адистердин кесиптик билимин өркүндөтүү жана өз ара кесиптик байланыштарды түзүүнү көздөйт.

Келишимге Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын директору Кубатбек Маматкулов жана Түрк Ветеринардык бирдигинин башкы катчысы Халук Аскароглу кол коюшту.