Жеке ветеринардык тармакты өнүктүрүү.

,
298496611_121723050608675_6450888387219644279_n.jpg

Кыргыз Республикасынын айыл-чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын жетекчиси Аширбай Бапович Жусупов Бүткүл дүйнөлүк Ветеринардык ассоциациянын Президенти доктор Рафаэль Лагуэнсти кабыл алды.

Жолугушуу учурунда А.Жусупов Кыргыз ветеринария системасынын тарыхы, учурдагы абалы, структуралык түзүмү, эл аралык байланыштары тууралуу маалымат берүү менен өлкөдөгү эпизоотиялык абалга токтолду.

Мындан сырткары, жеке ветеринардык ассоциация, бирикмелердин иш аракеттери боюнча маалымат берип, бул тармакты өнүктүрүүдө Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациясынын тажрыйбасы, колдоосу керектигин белгиледи.

Өз учурунда Р.Лагуэнс, анын Кыргызстанга болгон иш сапарын уюштурууга көмөктөшүп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.