Кыргызстанга Бүткүл дүйнөлүк Ветеринардык ассоциация Президенти келди.

,
298760082_816381003061611_8189093105629434889_n.jpg

2022-жылдын 15-августунда жергебизге Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын расмий чакыруусу менен Бүткүл дүйнөлүк Ветеринардык ассоциациянын Президенти доктор Рафаэль Лагуэнс жумушчу иш сапары менен келди.

Жогорку даражадагы коноктун алгачкы жолугушуусу Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын академиги, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Асанкадыр Жунушов жетектеген Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын Ветеринардык кеңешинин мүчөлөрү менен башталды.

Жолугушуунун өзөгүн, Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциация менен Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы биргеликте жакынкы жылдарда чогуу ишке ашыруучу долбоорлордун багыты түзүлдү.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын айыл-чарба министри А.Жаныбеков, Ветеринардык кызматтын директору А.Жусупов жана башка кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө.

Коногубуздун андан аркы иш сапары Ош жана Каракол шаарларында уланмакчы.