Бүткүл Дүйнөлүк ветеринардык ассоциациясынын Президенти Рафаэль Лагуэнстин Караколго болгон иш сапары.

,
300384353_818384162861295_2757033835380963945_n.jpg

Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациясынын Президенти Рафаэль Лагуэнстин Кыргызстанга болгон иш сапары, бүгүн Каракол шаарында жеке ветеринардык врач Мирбек Асекович Самсалиевтин "Эковет" жеке ветеринардык клиникасынын иш менен таанышуудан башталды.

Доктор Р.Лагуэнс жер-жерлердеги талаа шартында кесиптик иш аракет жүргүзүп жаткан кесиптештери менен баарлашып, пикир алышуу ал үчүн өтө маанилүү экендигин айтты жана Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациясынын иш аракети жөнүндө маалымат берип, мындан ары такай байланышта болуп туруу ниетин билдирди.