Ветеринардык студенттер үчүн Стипендия!

,
unnamed.png

MSD Animal Health жана Дүйнөлүк ветеринардык Ассоциация (WVA) 2022-жылы ветеринардык студенттер үчүн стипендия программасын жарыялайт. Бул стипендия студенттердин академиялык тажрыйбасын жогорулатуу максатында дүйнөнүн төрт регионунун ветеринардык студенттери үчүн иштелип чыккан.

2016-2021-жылдары ветеринардык студенттер үчүн MSD Animal Health жана Дүйнөлүк ветеринардык Ассоциация (WVA) стипендиялык программаларды ийгиликтүү жүргүзгөндөн кийин, MSD жана WVA ийгиликтүү кызматташууну улантуу чечимине келип жана 2022-жылга ветеринардык студенттер үчүн стипендия программасын башташкан. Аталган стипендиялык программа Латын Америкасы, Африка, Түндүк Африка/Жакынкы Чыгыш жана Азия/Океаниядан тандалган студенттерге бериле турган 80 стипендия 2500 АКШ долларын (жалпы суммасы 200 000 АКШ долларын) камтыйт.

Студенттердин квалификациялык талаптары:

- буга чейин MSD Animal Health жана Дүйнөлүк ветеринардык Ассоциация (WVA) стипендиясын албаган;

- грантка кирген өлкөлөрдүн биринин жараны болуу: Латын Америкасы, Африка, Түндүк Африка / Жакынкы Чыгыш жана Азия / Океания;

- өлкөдөгү таанылган ветеринардык медицина мектебинде 2022-2023-окуу жылына катталган.

- биринчи окуу жылы үчүн карызы жок;

- экинчи же үчүнчү курста окуган;

-биринчи жана акыркы курстун студенттери бул стипендия программасына катышууга ылайыктуу талапкерлер эмес.

Өтүнмөлөр ветеринардык билим берүү боюнча жумушчу топтун атайын комитети тарабынан каралат. Тандалган студенттер жөнүндө кулактандыруу 2023-жылдын 26-29-апрелинде Тайвандагы Дүйнөлүк ветеринардык Ассоциациянын конгрессинде жарыяланат.

Толтурулган арыз 1-жылдын 2022-ноябрына чейин, Брюссель убактысы боюнча саат 12:00гө чейин берилиши керек.

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы (Ветеринардык палата) өлкөнүн бардык студенттерин программага катышууга чакырат жана бардык талапкерлерге ийгилик каалайт.

Стипендиялык программа жөнүндө кененирээк маалматты жана арыз формасын ушул шилтемеден таба аласыздар: 

WVA/MSD Animal Health 2022 Veterinary Student Scholarship Program INFO