Салыктык өзгөрүүлөр.

,
Налоговая.png

Урматтуу кесиптештер, 2022-жылдын 16-декабрында КР Министрлер Кабинетинин «КР МК салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” №705-токтомуна ылайык, КР МК “Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 18-февралындагы № 84-токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Жыйынтыгында, патенттик негизде ишкердик жүргүзүүчү субъектилердин жалпы саны 56дан 34кө чейин кыскарды.

Аталган токтомдун экинчи тиркемесине ылайык, жеке ветеринардык кызмат көрсөтүү багытында ишкердик жүргүзүү, эмгек иши боюнча патенттин негизинде ишке ашырылат жана салыктын базалык суммасы баштагыдай эле 3000 сомду түзөт.