Ветеринардык палаталар Лигасын түзүү келишимине кол коюлду.

,
PHOTO-2023-10-19-16-41-39 (1).jpg

2023-жылдын 19-октябрында Москва шаарында Ветеринарлардын эл аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы, Россия Федерациясынын "Улуттук Ветеринардык палатасы" өзүн-өзү жөнгө салуучу уюму" ассоциациясы жана "Казакстан Ветеринардык палатасы" республикалык коомдук бирикмесинин ортосунда Ветеринардык палаталар Лигасын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Ветеринардык палаталар Лигасын түзүүнүн негизги максаты, жеке ветеринардык практиканы өнүктүрүү үчүн эл аралык негизделген жана таанылган ченемдерге негизделген стандарттарды иштеп чыгуу, Лигага катышкан өлкөлөрдүн кесиптик коомчулуктарынын ортосунда кесиптик жана достук байланыштарды түзүү жаатында өз ара аракеттенүүгө багытталган.