Ветеринардык факультеттин студенттери үчүн стипендия -2023.

,
Veterinary Student Scholarship 2023.png

Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациясы (WVA) жана MSD Animal Health 2023-жылга карата ветеринардык факультеттердин студенттери үчүн кезектеги студенттик стипендия программасын жарыялады, ал дүйнө жүзү боюнча ветеринардык факультеттердин студенттерине 80 стипендия жана академиялык тажрыйба топтоого жардам берет.

WVA/MSD студенттик стипендиялык программасы 2016-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлүп келет.

WVA 2023-жылга ветеринардык факультеттердин студенттери үчүн ар бири 2500 АКШ доллары өлчөмүндөгү 80 стипендияны (жалпы суммасы 200 000 АКШ долларынан) Латын Америкасы, Африка, Түндүк Африка / Жакынкы Чыгыш Азия/Океания өлкөлөрүнүн тандалган студенттерине ыйгарат.

Конкурстук т
алаптар:

ü WVA/MSDнын мурда стипендиаты болгон эмес.

ü Латын Америкасы, Африка, Түндүк Африка/Жакынкы Чыгыш жана Азия/Океания өлкөлөрдүн биринин жараны.

ü 2022-2023-окуу жылына карата өлкөнүн ветеринардык медицина жогорку окуу жайында катталган.

ü Биринчи курс үчүн бардык экзамендерди тапшырган.

ü Экинчи же үчүнчү курстун студенти (же программанын узактыгы 4 жылдан ашса, ага барабар курста окуган).

ü Биринчи жана акыркы курстун студенттери бул стипендиялык программага катыша алышпайт.

Арыздар ветеринардык билим берүү боюнча жумушчу топтун атайын комитети тарабынан каралат. Тандалган студенттер жөнүндө маалымат 2024-жылдын 16-19-апрель аралыгында Түштүк Африканын Кейптаун шаарында өтүүчү Дүйнөлүк ветеринардык Ассоциациянын конгрессинде онлайн режиминде жарыяланат.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү

Толтурулган арыздар 2023-жылдын 3-декабрына чейин, Борбордук Европа убактысы боюнча саат 12:00гө чейин берилиши керек.

Анкетаны толтуруу үчүн шилтеме:

https://worldvet.org/activities/msd-veterinary-student-scholarship/