Кесиптештерибизге ийгилик каалайбыз.

,
8gor7878778.jpg

Үстүбуздөгү жылдын 8- 11-декабрь аралыгында Жапон өлкөсүнөн Ветеринардык Эл аралык “Азиядагы ветеринарларды окутуу” программасына катышууну каалаган талапкерлерди тандоонун кезектеги турун өткөрүү максатында өнөктөштөрүбүздүн Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.

Делегациянын курамына Токиодогу Китасато университетинин Президенти, доктор Томоо Ито жана Жапон ветеринардык медицина ассоциациясынын өкүлү доктор Сакай кирген.

Кыргызстандан бул программага катышуу үчүн,  «Оазис Агро» ЖЧКсынын тренери, ветеринардык врач Роксана Ташбаева, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Адилет Сотовалдиев, Ветеринардык кызматтын эпизоотиялык анализ жана тобокелдикке каршы күрөшүү башкармалыгынын улук ветинспектору Калыс Абдылдаев, Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун Түштүк региону боюнча өкүлчүлүгүнүн Серология бөлүмүнүн жогорку категориядагы ветеринардык врачы Раатбек Садыков жана А.Дүйшеева атындагы илим-изилдөө институтунун лаборанты, ветеринардык врач Чоконова Нурия катталышты.

Сынактан өткөн кесиптештер бир жыл бою Япониянын престиждүү окуу жайларында акысыз билим алып, квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Келгиле, кесиптештерибизге алдыдагы тандоо турунда ийгилик каалайлы.