Ветеринардык палата жакынкы күндөрү Бельгиянын Брюссель шаарында өткөн Европа ветеринарлар федерациясынын Башкы Ассамблеясынын ишине катышты.

,
IMG_8785.JPG

Федерация, Европанын 38 өлкөсүнөн (44 мүчө жана 2 байкоочу) ветеринардык коомдук кесиптик уюмдарынын башын бириктирүүчү органы болуп саналат.

Башкы Ассамблеянын алгачкы эки күнү секцияларда өттү. Ветеринардык палата, европалык практик Ветеринардык врачтардын бирикмесинин секциясына катышты. Бул уюм 1970-жылы октябрда 11 катышуучу өлкөнүн катышуусу менен түзүлгөн. Бүгүн, 28 өлкөнүн жана 5 европалык федерациянын өкүлү мүчө. Секциянын негизги темасы "Бирдиктүү ден соолук" программасынын алкагында өттү.

Башкы Ассамблеянын негизги күнүндө федерациянын президенти Зигферд Модер Европада ветеринардык кесип боюнча үчүнчү изилдөөнүн жыйынтыктары менен бөлүштү. 2015-жылы Федерация демографиялык, эмгек рыногу жана каржылык көрсөткүчтөргө басым жасап, ветеринардык кесип үчүн эталон түзүү үчүн биринчи изилдөөнү баштаган. Экинчи изилдөө 2018-жылы, үчүнчүсү 2023-жылы жүргүзүлгөн.

Бул изилдөөлөр ветеринардык медицина дүйнөсү жөнүндө баалуу түшүнүктөрдү алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Мурунку сурамжылоолордон, ветеринардык кесиптин демографиясы, эмгек шарттары жана алардын коомго тийгизген таасири жөнүндө баа жеткис сабактар алынган.

Төмөндө изилдөөнүн кээ бир пункттары:

-         ветеринардык кесип өсүүнү улантууда–учурда Европа боюнча 328 494 ветеринар бар - бул 0,42 / 1000ге эсептелген.

-         ветеринардык кесипте аялдар басымдуулук кылат – бул мурунку сурамжылоолордо аныкталган - бирок бул тенденция уланууда: ветеринарлардын 65% аялдар. Бул 2018-жылдан бери аял ветеринарлардын санынын 7% га өсүшүн билдирет.

-         европалык ветеринарлар жылына орто эсеп менен 48000 евро табышат (Швейцария менен Ирландиядагы ветеринарлар Европада эң жогорку кирешеге ээ (жылына 85000 евродон жогору), Сербия менен Румыниядагы ветеринарлар Европада эң аз кирешеге ээ (жылына 14500 евродон аз).

-         Европада 340 миллион үй жаныбарлары бар (анын ичинде иттер, мышыктар, майда сүт эмүүчүлөр, экзотикалык жаныбарлар, Канаттуулар, декоративдүү балыктар жана сойлоочулар).

-         Болжол менен 91 миллион үй чарбасы — 46 пайызы — жок дегенде бир үй жаныбарына ээ. (айыл чарба малдары боюнча, Европада 75 миллион бодо мал, 59 миллион кой жана 134 миллион чочко,  болжол менен 375 миллион үй канаттуулары (тооктор), 11 миллион эчки жана 7 миллионго жакын жылкы (6,99 миллион) бар.

Ассамблеянын алкагында Федерациянын казыначысы 2023 – жылдагы финансылык иштер боюнча отчетун, ошондой эле Европа Комиссиясынын ден соолук жана тамак-аш өнөр жайы программасынын башкы директору тааныштырды.

Ошону менен бирге ветеринардык ЖОЖдын жаш бүтүрүүчүлөрү үчүн интерактивдүү сессия болуп өттү, анда ар түрдүү ЖОЖдордун өкүлдөрү бүтүрүүчүлөрдүн көз карашы боюнча кесип көйгөйлөрү менен бөлүшүштү. Негизги көйгөй университеттерди аяктагандан кийин жаш адистерди жумушка орноштуруу болуп чыкты.

Ассамблеянын ишине Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын каттоо боюнча адиси Муллакелдиева Гулшан Нурмаматовна катышты.