Кылым каарыткан маареке менен куттуктоо.

,
PHOTO-2023-12-26-16-01-47.jpg

Бүгүн, 26-декабрь күнү, кирип келе жаткан 2024-Жаңы жылды утурлап, Ветеринардык палатанын Ветеринардык Кеңешинин төрага орун басары Кубатбек Мурзаевич Келдибеков жана Ветеринардык палатанын директору Кубатбек Абдираимович Маматкулов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ветеринардык медицина факультетинин деканы, мырза Исмаил Шен менен жолугушту.

Жолушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палата жетекчилиги факльтет жетекчилигин,эмгек жамаатын жана студенттик коомчулугун Турция мамлекетинин түптөлгөндүгүнүн 100 жылдык маарекеси менен куттуктады.

Куттуктоодо “Урматтуу профессор Исмаил Шен мырза, Сизди жана сиз аркылуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринардык медицина факултетинин эмгек жамаатын, студенттик коомчулугун Турция мамлекетинин түптөлгөндүгүнүн кылым карыткан 100 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктаймын жана ийгиликтерди каалаймын”-деп айтылат.