Көңүл айтуу.

,
Без названия.jpg

Урматтуу биздин бордош туугандар, Турция жергесинде айттырбай келген каргашалуу жер титирөөнүн кесепетинен миңдеген боордош бир туугандарыбыздын өмүрлөрүнүн кыйылганын жана жараакат алганын угуу биз үчүн өтө оор болду, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз.

Өзүмдүн жана жалпы Кыргыз ветеринарларынын атынан, жер титирөөдө курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жүрөгүмдүн тереңинен терең кайгыруу менен көңүл айтамын, ошондой эле ар кандай жараакат алып жабыркаган боордошторубуздун тезирээк сакайып катарыбызга кошулуусуна тилектешмин.

Айттырбай келген Кудайдын сыноосун биримдикте, сабырдуулук менен жеңип, жаркын келечекти карай бирге кадам таштайлы.

Жараткан өзү жар болуп, ушундай апаат кырсыктан мындан ары баарыбызды сактасын. Оомийн.

 

Кыргыз Ветеринардык
палатасынын директору                                           Кубатбек Маматкулов