“Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо” колдонмосу жарык көрдү.

,
WhatsApp Image 2023-06-25 at 18.26.42.jpeg

Урматтуу кесиптештер, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен “Кросслинк Дивелопмент Интернэшнл” коомдук кайрымдуулук фондусунун өз ара кызматташуусунун алкагында “Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо” колдонмосу жарык көрдү.

Аталган колдонмо, эл аралык нормалардын негизинде даярдалып, дүйнөлүк ветеринардык жана фермердик коомчулук тарабынан колдонулуудагы колдонмо болуп эсептелет.

Китептин авторлору ветеринария илимдеринин докторлору, практик ветеринардык врачтар Питер Кизенберри жана Морин Бирмингем.

Бул колдонмо, авторлор жана  “Кросслинк Дивелопмент Интернэшнл” коомдук кайрымдуулук фондусу тарабынан Кыргыз ветеринарларына кыргыз/орус тилдерине которулуп белек катары берилди.

Китеп, Ветеринардык палатанын каттоосунда турган ветеринардык врачтарга жана параветеринардык адистерге белек катары акысыз берилет, кийинки басылмалары сатыка чыгат.

Кыргыз жеке ветеринарларынын атынан доктор Питер Кизенберри жана Морин Бирмингем, ошондой эле “Кросслинк Дивелопмент Интернэшнл” коомдук кайрымдуулук фондусуна ыраазычылык билдиребиз.

Китеп алууга кызыккандар, Ветеринардык палатага кайрылсаңыздар болот.