Жапон ветеринардык-медициналык ассоциациясы тарабынан уюштурулган азия ветеринарлары үчүн окутуу программасы жөнүндө жалпы маалымат.

,
фееутешщт.jpeg

Урматтуу кесиптештер, Жапон ветеринардык медициналык Ассоциациясы 2024-жылдын апрелинде баштала турган "Азия ветеринарларын окутуу программасына" арыздарды кабыл алуу башталганын жарыялайт. Быйыл жалпы14 катышуучу кабыл алынат.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 30-сентябры.

Талапкерлер менен маектешүү 2023-жылдын октябрь-ноябрь айларынын аралыгында жүргүзүлөт.

Сынактын жеңүүчүлөрү 2024-жылдын 10-январына чейин аныкталат.

Эгер сиз малдын жугуштуу ылаңдарын алдын алууга кызыксаңыз жана Жапонияда бир жылдык окуудан өтүүнү кааласаңыз, биз Сизге катышууну сунуштайбыз.

Талаптар:

1.      Жашы- 45 жашка чейин.

2.      Англис тилин билүү милдеттүү.

3.      Билими-ветеринардык медицина боюнча бакалавр же андан жогору даража.

4.      Иш тажрыйбасы-бир жылдан кем эмес.

5.      Максаттуу аудитория-бул (а) жеке, (б) мамлекеттик же (в) билим берүү секторлорунда иштеген ветеринарлар, ошондой эле малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу менен алектенген же ага кызыккан адистер.

Сынакка катышуу максатында кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасына vetpalata@gmail.com, же +996 555 766662, +996 779 102004 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар.