Кыргызстан менен Казакстандын Ветеринардык палатасынын өкүлдөрү жолугушту.

,
КзВп.jpg

2023-жылдын 11-августунда, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ветеринардык палаталарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун максаты - эки өлкөнүн практик ветеринарларынын ортосунда кесипкөй жана достук байланыштарды түзүү, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Россия мамлекеттеринин ортосунда Ветеринардык палаталар Лигасын түзүү маселеси талкуулоого багытталды.

Ветеринардык палаталар Лигасын түзүү боюнча Меморандумга үч тараптуу кол коюу, ушул жылдын октябрь айында Москва шаарында Евразиялык экономикалык биримдигинин Коомдук палатасынын көмөгү менен өтүүүсү күтүлүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын Ветеринардык палатасынын директору мекеменин ишмердүүлүгү жана түзүлгөн жолу тууралуу баяндама жасады.

Өз кезегинде Казакстандын Ветеринардык палатасынын өкүлдөрү жеке ветеринардык практиканы өнүктүрүү жана эки өлкөнүн кесипкөй чөйрөсүнүн ортосунда достук байланыштарды түзүү үчүн мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Отурумга КР ВСОнун Ветеринардык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Келдибеков, ветеринардык кеңештин мүчөсү Т.Аскаров, КР ВСОнун эксперти, ветеринария илимдеринин доктору, профессор М.Бабакулов, ВСОнун директору К.Маматкулов жана КР ВСОнун каттоо боюнча адиси Г.Муллакелдиева катышты.

Казакстан Республикасынын Ветеринардык палатасы тарабынан, Казакстан Республикасынын Ветеринардык палатасы Ветеринардык Кеңешинин төрагасы О.Назаров, төрага орун басары Б.Курманов, Казакстандын ВП аткаруучу директору М.Абдукадиров жана КазНИИ «Мал чарба жана тоют өндүрүү» мекемесинин адиси Б.Балтабаев катышты.

Жыйын Казакстандын Ветеринардык палатасынын демилгеси менен өттү.