Көңүл бургула Конкурс!

,
image.png

Дүйнөлүк ветеринардык Ассоциациясы (мындан ары-ВВА) Ceva эл аралык уюму менен биргеликте 6 сыйлыкты камтыган Ветеринардык медицина тармагында Эл аралык конкурс жарыялайт!

Төрт сыйлык, Бирдиктүү саламаттыкты сактоо, ветеринардык дары-дармектерди башкарууну, жаныбарларды коргоону жана ветеринардык билимди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилет.

Бир сыйлык, "Жылдын мыкты ветеринардык студенти" сыйлыгы, ал эл аралык ветеринардык студенттер ассоциациясы менен өнөктөштүктө берилет, кененирээк маалымат бул шилтемеде: 

https://forms.gle/RZKLcRsjkBd5u5LZ8.

Жеңүүчүлөрдүр ар бири 5.000 евро акчалай сыйлыкка ээ болушат жана бул 5 жеңүүчүнүн ичинен "Жылдын ветеринары" номинациясы боюнча бир жалпы жеңүүчү тандалат жана ал 5.000 евро өлчөмүндө кошумча сыйлык менен сыйланат.

Талапкерлер, ВВАнын ар бир стратегиялык максаттары боюнча бирдиктүү саламаттык сактоо, дары-дармек каражаттарын башкаруу, жаныбарлардын бакубаттуулугу жана ветеринардык билим берүү тармагындагы жумушчу топ тарабынан бааланат.

Арыз берүү үчүн төмөнкү документтер керек:

- Талапкердин резюмеси;

- Табыштаманын категориясы боюнча иш-чаралардын портфолиосу;

- ВВА мүчөсүнүн колдоо каты;

- Талапкердин мотивациялык каты;

- Талапкердин өзүн тааныштыруу боюнча видеожазуу (максимум 1 мүнөт, каалоосу боюнча).

Сыйлыктын жеңүүчүлөрү 2024-жылдын башында аныкталат. Бардык лауреаттар Түштүк Африка мамлекетинин Кейптаун шаарында, 2024-жылы өтүүчү ВВАнын конгрессине катышат.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 15-ноябры.