Ветеринардык экспепедиция 2023.

,
IMG_5221.jpg

2023-жылдын 16-сентябрда Кыргызстанга Польша жергесинен кесиптештерибиз Каролина жана Даниель Фигель, доктор Эндрю Лисовкий курамындагы хирург кесиптештерибиздин иш сапары менен келиши күтүлүүдө.

Кезектеги иш сапардын алкагында Польшалык кесиптештерибиз 17-22 сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында болушуп, атайын программанын алкагында Эхинококкоз ылаңы менен күршүү багытындагы эл аралык тажрыйбалар менен бөлүшүшөт.

Программада, Сузак районундагы орто мектептердин окуучуларын, мугалимдерин акысыз УЗИ текшерүүлөрдөн өткөрүү, мектеп окуучулары арасында эхинококкоз ылаңы менен күрөшүү багытында агартуу иш-чараларын жүргүзүү, жеке ветеринардык врачтардын, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ветеринардык бөлүмүнүн студенттеринин катышуусунда ит/мышыктарга кастрация, стрелизация операцияларын жүргүзүү, иттерден тирүү мезгилинде эхинококктун жумурткаларын аныктоо ыкмаларын көрсөтүү ж.б иш чаралар каралган.

Иш чаранын жүрүшүндө, Сузак районунун агартуу, саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик/жеке ветеринардык врачтарынын катышуусунда райондук жыйын өткөрүү белгиленген.

Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу алдында, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы тарабынан уюштурулууда жана иш чара чыгымдары Польшалык өнөктөштөр тарабынан каржыланууда.