Ветеринардык Эскпедиция-2023 ийгиликтүү аяктады.

,
382785299_364926512527969_817889818891733137_n.jpg

2023-жылдын 18-21 сентябрларында  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында Ветеринардык Эскпедиция – 2023 долбоору ишке ашырылды.

Долбоордун алкагында Сузак районундага  3 орто мектептердин окуучулары, мугалимдери  акысыз УЗИ текшерүүлөрдөн өтүштү, мектеп окуучулары арасында эхинококкоз ылаңы менен күрөшүү багытында агартуу иш-чаралары жүргүзүдүү, жеке ветеринардык врачтардын, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ветеринардык бөлүмүнүн студенттеринин катышуусунда ит/мышыктарга кастрация, стрелизация операцияларын жүргүзүлдү, иттерден тирүү мезгилинде эхинококктун жумурткаларын аныктоо ыкмаларын көрсөтүү окуулары да болуп өттү.

Узи долбоорунун жыйынтыгы боюнча 840 окуучу 3 мектептен (Манас, Комсомол, Мичурин) текшерүүдөн өтүп, 2 окуучу альвеококкозго шектелип, 3 окуучу эхинококкозго кабылган. Алардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, толук текшерүүгө жиберилишкен. Жогоруда аталган мектептерде ар кандай оорулар боюнча туруктуу негизде ачык сабактар өткөрүлүп турарын жана окуучулар дилбаян жазып, аларга ата-энелери кол коюп, таанышып чыгышарын мектептердин директорлору белгилешкен. Долбоордун алкагында мектеп окуучулары үчүн атайын даярдалган гигиена эрежелери салынган баштыктар таратылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Даниель Фигель Жалал-Абад шаарында ЖАГУнун,ОшМУнун жана колледждин ветеринардык факультеттеринин студенттери үчүн Паразитология боюнча тренинг өткөрдү, ошондой эле иттерди/мышыктарды кастрациялоо, атуу иштерин бирге жүргүздү.