"Японияда Азия ветеринарларын окутуу" программасы боюнча тандоо туру аяктады.

,
собеселование.jpg

17-январда өнөктөштөрүбүз Жапон ветеринардык медицина ассоциациясынан көңүл жылытаарлык кат алдык.

Катта, 2024-жыл үчүн “Азия ветеринарларын Японияда окутуу” программасына талапкерлерди тандоо туру толук  аяктагандыгы жана жыйынтыгында Кыргыз ветеринардык коомчулугунан А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери Нурия Чоконова, Япониянын алдынкы агрардык окуу жайларынын биринде бир жылдык окуу курсунан өтүү укугуна ээ болгондугу айтылат.

Кесиптешибиз Нурия Чоконованы куттуктооменен бирге окуу курсун ийгиликтүү аяктап келүүсүнө тилектешбиз.