Райондук ЖВАдин жетекчилеринин семинарлары

,
IMG_1810.JPG

Аталган семинарлар ветеринардык дарыгерлердин кесиптик даражасын жогорулатуу, ветеринария тармагындагы маселелерди чечүү, катышуучулар арасында тажрыйба алмашуу, ошондой эле өлкөдөгү ветеринардык кызматтын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана болгон дараметти  пайдалануу максатында өткөрүлдү.

2017-жылдын 22- 27- сентябрында Баткен, Жалал-Абад жана Ош областарынын жеке ветеринарларынын райондук бирикмелеринин жетекчилери үчүн “Кыргыз Республикасынын жеке ветеринардык бирикмелеринин өкүлдөрүн тажрыйба алмашуу аркылуу потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатуу” темасында семинар болуп өттү.


Семинардын алкагында катышуучулар Ыссык-Көл обласынын Кара-Кол шаарындагы, Нарын обласынын Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынын жана Бишкек шаарынын ветеринардык мекемелердин жумуштары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

2017-жылдын 18-22-октябрында 25 кишиден турган Чүй, Талас, Нарын жана Ыссык-Көл областарынын жеке ветеринарларынын бирикмелеринин жетекчилери “Кыргыз Республикасынын жеке ветеринардык бирикмелеринин өкүлдөрүн тажрыйба алмашуу аркылуу потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатуу -2” темасында семинар болуп өттү.


Семинардын программасына ылайык катышуучулар Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын ветеринардык объектилери менен таанышышты.

Ар бир семинардын жыйынтыгында катышуучулар ветеринардык тармактагы суроолорду кызуу талкуулашып, мындан ары өлкөнүн жыргалчылыгынын жалпы кызыкчылыгы үчүн тыгыз кызматташууга үмүттөрүн билдиришти.