Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн жабыркаган ветеринардык адистерге жардам көрсөтүлдү.

, маалымат  
20170621_155112.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 3-5- май күндөрү Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айылдык округунун ветеринардык адистери Турдали Сарыгуловтун, Асатилла Туратовтун жана Анапия Тагаевтердин үй жайлары жараксыз абалга келип, ачык асман астында жашоого мажбур болушкан.

Ветеринардык палата, жалпы ветеринардык коомчулука кайрылып, аталган кесиптештерге жакындан кол сунуп, айттырбай келген табигат кырсыгын жеңүүгө даректүү көмөк көрсөтүү максатында “Мен, четте карап турбаймын” –деген аталышта акциясын өткөрүү демилгесин өтөрүп, банктан атайын эсеп ачкан.

Аталган демилгеге, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, КР Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, айыл чарба министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн, Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун, Ветеринардык палатанын эмгек жамааттары жана республикабыздын бардык облустарында эмгектенип жатышкан жеке ветеринардык адистер катышып, бир айдын ичинде 595 020 сом накталай акча каражаты атайын ачылган банктык эсепке которуу жолу менен чогулду.

Жабыркаган ветеринардык адистерге даректүү жардам көрсөтүү иш чарасы, ушул жылдын 21-июнь күнү Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндө Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын агрардык маселелер боюнча орун басары Тагаев Исмаил Орозбаевич, КР Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бакытбек Кутманов, Ветеринардык палатанын директору Кубатбек Маматкулов жана Жекенди айыл округунун башчысы Нургазы Акматовтордун катышуусунда өттү, ошондой эле иш чарага айылдык кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары, жаштары жана ветеринардык адистер жана башка коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Акциянын жыйынтыгы менен, жабыркаган 3 ветеринарык адистин ар бирине 198 340 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.