“Бирдиктүү ден-соолук, Жаңы толкун” деген ураан менен ветеринарлардын Бүткүл дүйнөлүк Конгресси болуп өттү

,
20170830_115342.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 27-31 августунда Корея Республикасынын  Инчхон шаарында “Бирдиктүү ден-соолук, Жаңы толкун” деп аталган алкакта ветеринарлардын XXXIII Бүткүл дүйнөлүк Конгресси болуп өттү. Конгресстин иш жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк ветеринарлардын Ассоциациясынын мүчөлөрүнөн 5117 делегаттар  жана 11 Эл-аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Конгресстин жүрүшүндө илимий маалымат программалар, ветеринария жаатында алдыңкы технологиялардын көргөзмөлөрү уюшулду, катышуучулар өздөрүнүн кесиптик билимин терендетүү менен көңүл эргиткен жаңы булактардан маалымат алышты.

Пленардык отурумда Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы генеральдык катчысы Пан Ги Мун доклад жасады, Конгресстин иш жүрүшүндө 24 багыттан 255 лекциялар уюштурулду, малдарды коргоо темасында Глобалдык семинар болду, БВАнын “Бирдиктүү ден-соолук” 4-чү Глобалдык Саммит (жолугушуу), ветеринардык билимди сапаттуу камсыздоо боюнча Глобалдык конференция, Ящур боюнча атайын сессия, ошондой эле ЭАБ (МЭБ) - ФАОнун  “Бирдиктүү ден-соолук” концепциясынын алкагында биргелешкен отурумдар уюшулду.

Жогорудагылар менен бирге БВАнын мүчөлүгүнө жаңы уюмдар кабыл алынды, тагыраак айтканда Африкалык ветеринардык ассоциациясы, Филиппиндик малдар үчүн ооруканалардын ассоциациясы, Тайвань ветеринардык медицина ассоциациясы (TwVMA) жана Жапан ветеринардык медицина ассоциацияы сыяктуу (JVMA) уюмдар.

Конгресстин жүрүшүндө биз “Бирдиктүү ден-соолук концепциясынын алкагында жеке ветеринарлардын потенциалын жакшыртууда КР ВСОнун ролу” деген темада электрондук постерди презентация жасадык жана кызыккан катышуучулардын 10 дон ашуун суроолоруна жооп бердик.