«Ветеринардык экспедиция Кыргызстан-2021» долбоору ийгиликт ишке ашырылды.

,
VetExTalas2021_surgery.jpg

2021-жылдын 18-сентябрынан 25-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы Польшанын ветеринардык клиникасы менен түзүлгөн “Кыргызстан ветеринардык экспедициясы -2021” биргелешкен долбоорун ишке ашыруу жөнүндө келишимдин алкагында бир катар иш-чараларды уюштурду. Долбоордун негизги максаты ит-мышыктардын популяциясын кастрация / стерилдөө ыкмасы менен көзөмөлдөө жана эхинококкоз менен альвеококкозду жок кылуу багытында башка чараларды ишке ашыруу аркылуу калк арасында эхинококкоз оорусун жоюга багытталган. Эске сала кетсек, бул польшалык кесиптештер менен бул багытта ишке ашырылып жаткан үчүнчү биргелешкен долбоор.

Долбоордун алкагында төмөндөгү иш чаралар жүзөгө ашырылды:

ü иттерди жана мышыктарды бычуу/стерилдөө боюнча практикалык тренингдер;
ü иттеги эхинококктун жумурткаларын аныктоо боюнча тренингдер;
ü эхинококкоз оорусун эрте аныктоо үчүн мектеп окуучуларын УЗИден текшерүү;

ü мектеп окуучулары арасында эхинококкоз ооруларынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, эхинококкоздун алдын алуу үчүн жеке гигиена эрежелери бар баштыктарды таратуу.

Бул долбоорду ишке ашырууга байланышкан бардык чыгымдарды польшалык тарап көтөрдү (1 портативдүү УЗИ аппаратын сатып алуу, капрологиялык изилдөөлөр үчүн 5 микроскоп, 1 автоклав, 3 фонендоскоп, операциялар үчүн 5 хирургиялык набор жана башка операцияга керектелүүчү материалдар). Ошондой эле бардык сатып алынган приборлор жана аппараттар Кыргызстанда калды.

Долбоорду ишке ашырууга айыл чарба министрлигинин алдындагы  Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчилиги, "Кыргызстан жеке мал дарыгерлери" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү активдүү катышып, ар тараптуу колдоо көрсөтүштү.

Долбоордун жыйынтыктоочу семинарына Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Наркулович Нарбеков, райондук кызматтардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жеке ветеринардык адистер жана райондун тургундары катышты.