Кыргыз ветеринарларынын Турция мамлекетине болгон тажрыйба алмашуу иш сапарынын экинчи этабыны аяктады.
Аталган долбоордун 2-этабы
Афьон Коджетепе университетинин ветеринардык медицина факультетинин деканы
профессор, доктор Туран Живелектин кабыл алуусу менен башталды. Декан,
факультеттин жасап жаткан иш аракеттери, жакынкы келечек пландары боюнча
презентация жасап кеңири маалымат берди. Афьон Коджетепе университети 1992-жылы
түптөлүп, 11 факультет, 3 институт, 22 илим изилдөө борборун өзүнө камтыйт жана
2000 га өндүрүштүк практикалык базага ээ. Ветеринардык медицина факультетинде
жалпы окуу мөөнөтү 5 жылды түзүп, дүйнөнүн 48 мамлекети менен өз ара кесиптик
байланышта.
Студенттердин терең
билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөн, жатакана, оорукана, библиотека,
маданий-спорт комплекстери менен камсыздалып, факультетте тармактык 7
лаборатория, ветеринардык клиника, жапайы жаныбарлар госпиталы иш алып барат.
Жолугушуунун
аягында декандын орун басары факультеттин фармакология, биохимия, патология,
малекулярдык диагностика-Елиза, тамак-аш коопсуздугу жана микробиология
лабораторияларынын иш аракети, андагы жабдыктар жана фермердик чарбалар менен
болгон байланышы тууралу кеңири маалымат берип, факультеттин сүттү кайра
иштетүү мини цехине экскурсия жасады.
Андан ары
факультеттин жаныбарлар госпиталынын башкы врачы профессор, доктор Деңиз Еки,
госпитальдын иш аракети менен кеңири тааныштырды, андан соң факультеттин өздүк
чарбасында доцент Корий Челик Эл оглунун коштоосунда уланды. Өздүк чарбада,
Далыч, Пырлак, Рамлыч, Тексел жана Меринос породасындагы 1200дөн ашуун кой,
Муррах, Манда жана Мантафон породаларындагы уйлар багылат.
Ошондой эле
университетке караштуу жапайы жаныбарларды жана экология борборунун иш аракети
менен тааныштык. Аталган борбордун жүргүзүп жаткан иш багыттары менен жетекчиси
Эмине Хесна Кандыр тааныштырды. Борбор айыл чарба министрлигинин демилгеси
менен түзүлүп, жырткыч сүт эмүүчү жаныбарлар, чөп жээчү жаныбарлар, суу
канаттуулары жана жырткыч куштар бөлүмдөрүнөн турат.
Долбоор GIZ
программасынын “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүтүрүү”
долбоорунун биргелешкен каржылоосунун алдында ишке ашууда.
Мындан сырткары ветеринардык
медицина факультетинин генетика лабораториясынын ишмердиги менен тааныштык.
Лабораториянын алып барып жаткан негизги иш чаралары жөнүндө профессор, доктор
Мустафа Тенирли кеңири форматта презентация жасап, маалымат берди.
Маалыматтын бир
багыты, лабораториянын илимий кызматкерлери тарабынан чыгарылган Рамлыч
аталыштагы кой породасынын өзгөчөлүктөрү туурасында болду.
Иш сапарыбыздын
кийинки бөлүгү Афьон Коджетепе университетинин ректору профессор, доктор Мехмат
Каракастын кабыл алуусу менен уланды. Жолугушууда ректор, Афьон аймагынын
Түркия мамлекетинин мал чарба тармагында негизги ордун белгилеп, кызыл эт
азыктарын өндүрүүдө жалпы республикалык көлөмдүн 3/1 бөлүгүн, ак эт жана
канаттуулардын жумуртка өндүрүүдө жана бул продукциялардын базар наркын
аныктоодо биринчи оорунда тураарын баса белгиледи. Ошондуктан, бул аймакта
тамак-аш коопсуздугун жана эпизоотиялык туруктуулукту камсыздоодо ветеринардык
врачтардын ролу эбегейсиз экендигин эске алуу менен университет жетекчилиги
ветеринардык факультеттин окуу-практикалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруп
жаткандыгын белгиледи.
Сапарыбыздын
кийинки багыты, “Жошкун”этти кайра иштетүү жеке менчик ишканасында уланды.
Ишкана өкүлү Олхан Бекташ, кызыл эт кайра иштетүү жана эт азыктарын чыгаруу
технологиялык процесси тууралуу ишканада экскурсия өткөзүп, тааныштырып чыкты.
Аталган ишкана Афьондогу чоң ишканалардын бири болуп эсептелип колбасанын 80
ден ашуун, сосисканын 40тан ашуун, фарш, стейк жана бастырманын бир канча түрүн
чыгарат, күнүмдүк өндүрүлгөн азыктардын жалпы көлөмү 40 тоннаны түзөт,
ишкананын кубаттуулугу саатына 80 баш мал союга мүмкүндүк берет. Ишкананын
жалпы аянты 27000 м2 ээлейт, өзүнүн 10 000 баш малды бордоп семиртүү чарбасы
бар, өндүрүш процесси негизинен автоматташтырылгандыктан 95 жумушчу иш алып
барат. Ишкана ХАССП, ISO эл аралык стандарттарга толук жооп берет.
Андан соң,
ветеринардык медицина факультетинин бүтүрүүчү курсунун студенттери менен
жолугушууга бардык. Жолугушууда студенттерге кыргыз ветеринария системасы жана
ветеринария системасындагы кызмат функциялык милдеттери, билим берүү системасы
жана жеке ветеринардык врачтардын кесиптик иш аракеттерине байланыштуу кеңири
маалымат бердик жана алар тарабынан берилген суроолорго жооп бердик.
Программага ылайык Афьон
ветеринардык палатасынын эмгек жамааты менен жолугуштук. Афьон ветеринардык
палатасынын жетекчиси, доктор Мухаммед Невзат Алган палатанын ишмердүүлүгү
тууралуу кеңири айтып берип, жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп
берип, келечекте Кыргыз ветеринардык палатасы менен биргеликте иш алып барууга
кызыктар экендигин билдирди.
Иш сапарыбыз Афьон
шаарында жайгашкан тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө лабораториясынын жумушу
менен уланды.
Лаборатория
жетекчиси доктор Мурат Хускали, лаборатория тарабынан жасалып жаткан иш
аракеттер туурасында маалымат берди. Турция мамлекетинде 39 тамак-аш лабораториясы
иш алып барат. Аталган лаборатория 1964-жылы түзүлүп, улуттук жана эл аралык
стандарттарга жооп берет. Лабораториянын курамын физикалык, химиялык,
микробиологиялык, гистологиялык, ГМО жана минерал/калдыктарды изилдөө бөлүмдөрү
түзөт. Лабораторияда 191 параметр боюнча анализдер жүргүзүлсө алардын 39
параметри аккредитациядан өткөн.
Лаборатория
бөлүмдөрүнүн иш аракеттери боюнча ар бир бөлүмдүн жетекчиси кеңири маалымат
берип, бөлүмдөрдөгү жабдыктар жөнүндө иш үстүндө тааныштырышты.
Бизден өзгөчөлүгү, бардык
тамак-аш азыктарын саткан соода түйүндөрү тамак-аш коопсуздугуна жооп берүүчү
адисти өздөрүнүн эсебинен кармоого милдеттүү. Ар бир тамак-аш продукциясын
чыгарган өндүрүш мекемесинен ай сайын же ар бир кварталда ветеринардык
инспекторлор проба алып, лабораторияга тапшырып турушат. Лаборатория
кызматкерлери келген проба кимге таандык экендигин билишпейт, коштоо
баракчасында кайсыл багытта лабораториялык анализ көрсөтүлгөн болсо ошол
багытта гана анализ жүргүзүп, жыйынтыгын инспекторго билдирет. Лабораторияда,
келген тамак-аш азыктарына генетикалык жана молекулярдык ж.б деңгээлде анализ
жасоого мүмкүнчүлүгү бар. Товардын этикеткасында кандай курам, кайсыл өлчөмдө
көрсөтүлгөн болсо анализдин жыйынтыгында ошол көрсөткүчтөр так болуусу шарт.
Мисалы: колбасаны алсак, эттин физико-химиялык курамын гана эмес кайсыл малга
таандык, ошондой эле кайсыл органдардан жасалгандыгын да аныктоого мүмкүн.
Товардын этикеткасында көрсөтүлгөн курамдын көлөмү аз же көп болсо ал азыкты
сатууга уруксат берилбейт. Лабораторияга жумушка орношуу үчүн адис, 6 айлык
атайын курстан өтүп, тийиштүү сертификатка ээ болуусу шарт жана жыл боюу
убактысы менен курстардан өтүп сертификат алып турууга милдеттүү.
Иш сапарыбыздын
кийинки бөлүгү, “Ишлек” тоок этин кайра иштетүү ишканасында уланды. Ишкананын
аткаруучу директору Эржан Ишлек, ишкана тууралуу маалымат берүү менен ишкананын
технологиялык процесси менен жеринде тааныштырды. Ишкананын кубаттуулугу
саатына 100 миң баш тоок союуга ылайыкташтырылган болсо, учурда 50 миң баш тоок
союулат. Ишкана өз продукциясын дүйнөнүн 48 өлкөсүнө экспорттойт.
Кыргыз
ветеринарларынын кезектеги окуу туру Афьон Коджетепе университетинин
ветеринардык медицина факультетинин жаныбарлар үчүн курулуп жаткан жаңы
имаратынын курулуш иштери менен таанышты. Аталган имаратты ишке киргизүү
2023-жылдын май айына белгиленген. Жаныбарлар ооруканасынын курулушуна
республикалык бюджеттен 52 000 000 лира бөлүнгөн, ал эми тийиштүү жабдык,
шаймандар менен камсыздоого 32 000 000 лира каралган. Бизде чындыгында жомоктор
дүйнөсүнө экскурсия жасагандай эле таасирде калдык.
Иш сапарыбыздын
кийинки бөлүгү Чефтилер шаарында “TIGEM аттары» мамлекеттик асыл тукум жылкы
чарбасында уланды.Жылкы чарбасы 4500 га аянтты ээлеп таза кандуу Араб
породасындагы аттарды өстүрүүгө багытталган. Учурда чарбада 500 таза кандуу
Араб жылкысы, 3000 баш Мантафон породасындагы уйларды асырайт. 3300 га аянтка
кылкандуу дан өсүмдүктөрүн жана малдар үчүн тоют айдалат.
Чарбанын иш аракети
менен чарба жетекчиси Хусейин Йылмаз тааныштырып чыкты. Чарбада кармалган 500
таза кандуу Араб породасындагы жылкынын 150сү төл алууга пайдаланылат, 12
уруктук айгыр кармалат. Жылкы сарайлары эл аралык стандарттардын негизинде
курулуп, жылкыларды кармоо, багуу, ылаңдарды алдын алуу, дарылоо жана
биологиялык коопсуздук маселелерине аяр мамиле жасалат. Чарба жугуштуу
ылаңдардан таза. Негизги кездешүүчү ылаңдар, тышкы жаракаттар (травма) жана
жаталак (коликтин) түрлөрү. Жылкылардан жасалма уруктандыруу жолу менен гана
төл алышат. Чарба бизде кеңири тараган жылкылардын Көз жара (эпизоотиялык
лимфангит), Кээңги (случная болезнь), жылкы тумоосу, сакоо ылаңдарынан таза.
Жылкыларды кардарлардын атайын буйрутмалары менен же аукциондордо сатышат.
Акыркы аукцион аркылуу сатылган жылкынын баасы 6 000 000 сом болгон.
Эң негизгиси 260
адистен турган эмгек жамааты бир тууган катары жакшы маанайда тосуп алып,
узатышты.
Иш сапарыбыздын кийинки
күнү Ескишехир шаарындагы Көп күшү ала балыгы өстүрүлгөн мамлекеттик чарбасында
уланды. Чарба жетекчиси, биолог Эсма Казанчы өзү жетектеген балык чарбасы
тууралуу кеңири маалымат берип, тааныштырып чыкты. Чарба чакан деп эсептелгени
менен, бир учурда 1-1,5 млн даана балык өстүрүүгө ылайыкташтан. Чарбада 4-5 ай
аралыгында 0,5 гр салмакта сатылып алынган балык малектору 70 гр салмака чейин
өстүрүлүп башка балык чарбаларына сатылат. Балык чарбасы инфекциялык оорулардан
таза, негизинен паразитардык ылаңдарга каршы профилактикалык иш чаралар өз учурунда
жүргүзүлүп турат. Жугуштуу ылаңга каршы профилактикалык эмдөө иштери наркоз
колдонуу менен ишке ашырылат. Чарба автоматташтырылгандактан 12 жумушчу иш алып
барат.
Андан аркы иш
сапарыбыз жолбун иттердин муниципалдык реабилитациялык борборунда уланды.
Борбордун жетекчиси доктор Али Жеват, Турция мамлекетинин мамлекеттик/жеке
ветеринардык кызматынын структурасы, функционалдык милдеттери туурасында айтып
берип, өлкөдө жолбун иттер маселесине мамлекеттик ветеринардык кызмат жооптуу
экендигин билдирди. Турцияда иттерди атууга мыйзам жол бербейт. Жолбун иттер
кастрация/стрелизация процедурасынан өткөрүлүп, жугуштуу ылаңдарга каршы
профилактикалык иш чаралар жүргүзүлгөн соң, кулагына бирка тагылып мурда жүргөн
аймагына алып барылып кое берилет. Учурда борбордо 150 ит жана 120 мышык
кармалууда. Иттердин өтө агрессивтүү породалары борбордо өмүр бою багылат.
Борбордо 5 ветеринардык кызматкер иш алып барат жана каржылоо булагы болуп
муниципалдык бюджет эсептелет.
Турция өлкөсүнө болгон окуу туру аяктады.
Окуу туру учурунда жакшы пикир айтып, кубаттап колдоп
турганыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз.