Кыргызстандын Ветеринардык палатасы Европа ветеринардык Федерациясынын Генералдык Ассамблеясына катышты.

,
39659d35-710e-4d27-b71b-0ba511e87344.jpg

2022-жылдын 23-ноябрынан 28-ноябрына чейин Кыргызстандын Ветеринардык палатасы жеке ветеринардык системаны өркүндөтүү боюнча кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө Ветеринардык статуардык органдар жана ассоциациялар менен кесиптик байланыштарды жөнгө салуу жана кеңейтүү, ошондой эле өнүккөн өлкөлөрдүн ветеринардык практика жаатындагы тажрыйбасын кабыл алуу, тамак-аш коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында Европа ветеринардык Федерациясынын Генералдык Ассамблеясына катышты. Башкы ассамблея төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ: саясатты аныктоо, каржыны бекитүү, мүчөлөрдү же байкоочуларды бекитүү же четтетүү, жаңы Кеңешти шайлоо жана Кеңештин ишин контролдоо. Башкы Ассамблея Мальта Республикасынын Валетта шаарында өттү.

Ассамблеянын ишине айыл чарба, балык чарба жана жаныбарлардын укуктары министри-доктор Антон Рефало, Дүйнөлүк ветеринардык Ассоциациянын президенти Рафаэль Лагенс, ошондой эле Америка ветеринардык медициналык Ассоциациясы (AVMA), Канаданын ветеринардык медициналык Ассоциациясы (CVMA), эл аралык студенттердин ветеринардык ассоциациясы (IVSA), дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугу уюму (WOAH) сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ошону менен бирге отурумдун алкагында төмөнкү темалар боюнча презентациялар болду:

* Жаныбарлардын ден соолугу

* Жаныбарлардын бакубаттуулугу

* Билим берүү

* Азык-түлүк коопсуздугу жана коомдук саламаттыкты сактоо

* Дарылар

* Ветеринардык кесип.

Ошону менен бирге белгилеп кетким келет, дүйнөлүк ветеринардык Ассоциациянын президенти Рафаэль Лагенс өз сөзүндө Кыргызстанга болгон сапары тууралуу айтып, биздин абал жана өлкөбүздүн ветеринардык системасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуулары тууралуу кыскача маалымат берди.

Ассамблеяда биз президенттер жана ар кайсы өлкөлөрдүн улуттук палаталарынын жана ассоциацияларынын өкүлдөрү менен абдан маанилүү байланыштарды алдык, аларды мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө ниеттенүүдөбүз.