Жеке ветеринардык врачтардын Турция жергесине болгон тажрыйба алмашуу долбоорунун биринчи этабы аяктады.

,
PHOTO-2022-07-26-16-17-06_1.jpg

2022-жылдын 18-23-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринардык факультетинин биргелешкен тажрыйба алмашуу долбоорунун биринчи этабы жыйынтыкталды.

Тажрыйба алмашуу долбоору, Турция өлкөсүнүн Бурса, Эскишехир, Болу, Анкара шаарларында өтүп, өлкөбүздүн ар кайсыл аймактарын камтыган 9 ветеринардык врач катышты.

Долбоордун катышуучулары 18-19-июль күндөрү Бурса шаарында, Улудаг университеттин ветеринардык медицина факультетинин иш аракети жана факультеттин ветеринардык клиникасынын, Мал союу ишканасынын, Жеке ветеринардык ооруканасынын, “Pega Breeding Merino” кой өстүрүү чарбасынын жана “Has tavuk» тоок чарбасынын  ишмердүүлүгү менен,

20-июль күнү Эскишехир шаарында, Эт комбинатынын, “Көфтежи Юсуп” эт иштетүү комбинатынын жана Мал бордоп семиртүү чарбасынын ишмердүүлүгү менен,

21-июль күнү Анкара шаарында, Ветеринардык илим изилдөө жана диагностика институнун жана Генетика лабораториясынын, Идентификация багытында электрондук биркаларды чыгаруучу “Ayvetsan» ишкананынын, Мал чарба фермасынын, Халал индустрия агенттигинин, Шарп ылаңын изилдөө институтунун, Түрк ветеринарлар Ассоциациясынын кеңешинин ишмердүүлүгү,

22-июль күнү Болу шаарында, Дарыяда жана деңизде өсүүчү балыктардын популяциясын көзөмөлдөө жана эт багытында иш алып баруучу үч балык өнүрүү чарбасынын иш аракеттери менен кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Аталган долбоордун экинчи турун ушул жылдын октябрь айында жүзөгө ашыруу пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы, аталган долбоордун уюштуруу иштеринде колдоо көрсөтүп жаткан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринардык факультетинин деканы доктор Исмаил Шенге,  ошондой эле долбоорду ишке ашырууда каржылык колдоо көрсөтүп жаткан GIZ тин “Жашыл экономика жана Кыргыз Республикасында жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" программасынын жетекчиси Шамир Кханалга терең ыраазычылык билдирет.