15-августа күндүн биринчи жарымында Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Аскарбек Сапарбекович Жаныбеков Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациянын Президенти Рафаэль Лагуэнсти кабыл алды.

,
299823333_816714073028304_7894977287661855287_n.jpg

Жолугушуунун жүрүшүндө министр, өлкөнүн учурдагы мал чарбачылыгынын абалы, эпизоотиялык, тамак-аш коопсуздугу жана Ветеринардык палатанын иш аракети боюнча кыскача маалымат берди.

Ошондой эле Р. Лагуэнсти Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациянын Президенти кызматына киришип жаткандыгы менен куттуктап, Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациянын жалпы ветеринардык коомчулуктун башын бириктирип, ветеринардык системанын өнүгүүсүн шарттоодо, бирдиктүү стандарттарды, нормаларды иштеп чыгууда, ветеринарлардын билим деңгээлин көтөрүүдө, бири-бири менен тажрыйба алмашууда орду өзгөчө экендигин баса белгиледи.

Мындан сырткары А.Жаныбеков, ветеринария тармагындагы көйгөйлүү маселелерди да баса белгилөө менен аталган маселелерди чечүүдө Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациянын тажрыйбасына таянуу менен чогуу иш алып баруу жакшы натыйжа берээрине ишене тургандыгын белгиледи.

Өз сөзүндө Р. Лагуэнси, айыл чарба министрлигинин тамак-аш, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу ролун жогору баалоо менен, жылдан жылга планетардык масштабта азык түлүкө болгон талаптын жогорулап жаткандыгын белгилөө менен ошол эле учурда келечек муун үчүн таза айлана чөйрөнү калтырып кетүү биздин негизги милдетибиз экендигине токтолду.

Жолугушууга айыл чарба министрлигинин жооптуу кызматкерлери, Ветеринардык кызматтын директору А .Жусупов, Ветеринардык палатанын директору К. Маматкулов жана “Кыргызстан ветеринарлар Альянсы” коомдук бирикмесинин жетекчиси С. Алиевтер катышты.