Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К. Кожобековтун Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык Ассоциациянын Президенти Р.Лагуэнс менен жолугушуудагы сөзү.

,
298964802_817085696324475_9028211244956368113_n.jpg

Урматтуу биздин сыйлуу коногубуз, Президент мырза Рафаэль Лагуэнс, мен сиз менен тарыхий тамыры терең ордолуу Ош шаарында жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын, Кыргыз жергесине кош келиңиз.

Дүйнөлүк деңгээлде жалпы ветеринардык коомчулуктун  башын бириктирип, ветеринардык системанын өнүгүүсүн шарттоодо, бирдиктүү стандарттарды, нормаларды иштеп чыгууда, ветеринарлардын билим деңгээлин көтөрүүдө, бири-бири менен тажрыйба алмашууда Бүткүл дүйнөлүк Ветеринардык Ассоциациянын орду жана ролу өзгөчө экендигин баса белгилеп кетким келет.

Сиздердин жасап жаткан иш аракетиңиздер, өлкөдө эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу менен тамак-аш коопсуздугун камсыздоодо негизги фактор экендиги талашсыз чындык.

Өзүңүз байкагандай Кыргыз Республикасынын жаратылыш шарты, рельефи көбүн эсе мал чарбачылыгын жүргүзүүгө ылайыкташкан.

Кайсыл гана тармакты өнүктүрүүдө болбосун кесипкөй кадрлардын болуусу чоӊ рол ойноору талашсыз.

Чындыгында акыркы жылдары өлкөбүздүн түштүк аймагында ветеринардык адистердин жетишсиздиги байкалууда. Ошондуктан биздин университет четте карап турбастан ветеринардык адистерди даярдоону өз колуна алуу менен аталган көйгөйдү, чечүүгө салым кошууга бел байлады.

Университетте «Ветеринардык медицина жана биотехнология» кафедрасынын ачылганына аз убакыт болгонуна карабастан, жеткиликтүү көлөмдө окутуучулук-профессордук курам жана окуу процессине зарыл болгон заманбап үлгүдөгү жабдыктар, шаймандар менен камсыздалып жатат.

Бүгүн, ветеринардык клиниканын жана окуу корпусунун курулушунун башталышына байланышкан капсула салуу аземине өзүңүз күбө болдуңуз.

Мындан сырткары ОшМунун ботаникалык багынан жер бөлүнүп, жакынкы күндөрү ошол жерге мал чарбасынын асыл тукум иштери жана ветеринария боюнча биотехнологиялык борбордун курулуусу пландалууда.

Биздин университет жыйырмадан ашуун чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жана илимий институттары менен келишим түзүп, академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу жаатында да бир топ иш аракеттер көрүлүүдө.

Биз ветеринария тармагындагы кадрларды даярдоодо, кесиптик үзгүлтүксүз билим берүү багытында, сиз жетектеген Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциация менен тыгыз байланышта иш алып барып, кесиптик долбоорлорду чогуу ишке ашырабыз деген ишенимдемин жана мен тараптан бул багытта толук колдоо болооруна сизди ишендирип кетемин.

Сиздин Ош мамлекеттик университетинде ветеринарлар менен жолугушууңуз, биздин ветеринарларга чоӊ күч жана дем болот деп ишенем.

Урматтуу доктор Рафаэль Лагуэнс, сиздин кыргыз жергесине келгениңизге абдан кубанычтамын, ошондуктан дагы бир жолу кош келиңиз!- деп айтмакчымын.