Дүйнөлүк ветеринарлар Ассоцияцынын президенти Рафаэл Лагенстин кайрылуу каты.

,
Rafael-Laguens-300x300.jpg

 

Урматтуу достор жана кесиптештер,

Кыргызстанга болгон иш сапарымдын жыйынтыгында  мен өлкөнүн бардык ветеринарларына салам айтып, оор мезгилде коом үчүн жасап жаткан ишиңер үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Мен Ветеринардык палатанын Кыргызстандагы ветеринардык практиканы жөнгө салуу боюнча жасаган иштерин баса белгилеп, Дүйнөлүк ветеринарлар Ассоциациянын (ДВА) активдүү мүчөсү болууну уланта берүүсүнө тилектешмин.

Ветеринардык кесиптин фундаменталдык негизи катары дипломго ээ болгондон кийинки билимди үзгүлтүксүз жогрулатып туруунун мааниси өтө чоң. Бул постулаттар жакында Ош мамлекеттик университетинин ветеринардык факультети үчүн жаңы имараттын пайдубалына биринчи ташты коюу аземинде, ошондой эле жеке жана расмий ветеринарлар жана Университеттин кызматкерлери менен жолугушууда тастыкталды. Окууну бүтүрүү – кесиптин башталышы гана болгондуктан, ветеринарлар университеттерде окуп жүргөндө үйрөнгөндөрүн колдоп, ар кандай кесипте жаңы билимге жана компетенттүүлүккө ээ болуп, ар дайым өнүгүп турушу керек. Коом ар дайым жогорку деңгээлдеги ветеринардык кызматтарга муктаж болот.

Ошону менен бирге биздин кесип ветеринарларды айрым маанилүү принциптерге: компетенттүүлүккө жана кесипкөйлүккө ылайык иш-аракет кылууга милдеттендирет. Кардарларга жана башка адамдарга, анын ичинде кесипкөй кесиптештерине карата көз карандысыз жана калыстык, чынчылдык жана ак ниеттүүлүк, ошондой эле кесиптик купуялуулук биздин ишибиздин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Демек, ветеринарлардын иши үчүн тийиштүү билим берүү жана кесиптик этика Кодексин сактоо зарыл. Өкмөттүн, илимий чөйрөнүн, жеке ветеринарлардын жана мамлекеттик ветеринарлардын тыгыз кызматташуусу менен гана коюлган максаттарга жетүүгө болот.

Кыргызстандын бардык ветеринарларына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем жана биздин кооз өлкөбүздүн жана жок болуп кетүү коркунучу алдында турган планетабыздын келечеги үчүн жаныбарлардын бакубаттулугун, коомдук саламаттыкты сактоону, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун, тамак-аш азыктарын өндүрүүнү жана айлана-чөйрөнү коргоодо маанилүү иштерди улантууга чакырам.

 

Терең урматтоо менен,

Рафаэл Лагенс,

Дүйнөлүк ветеринарлар Ассоцияцанын президенти