Эл аралык адистештирилген конференция.

,
PHOTO-2023-11-30-13-37-17 (1).jpg

29-30-ноябрда Астана шаарында “Jańa Dala/Vet Astana 2023” адистештирилген эл аралык конференциясы жана көргөзмө-жарманкеси өтүүдө.

Бул конференция мал чарбасы жана ветеринария тармагындагы алдыңкы эксперттер, асыл тукум мал өстүрүү, тоют жана ветеринардык препараттарды өндүрүү менен алектенген компаниялар жана фермерлер үчүн кесиптик жетишкендиктер менен өз ара тажрыйба алмашуу, байланыштарды түзүү үчүн эң жакшы профессионалдуу аянтча болуп саналат.

Конференциянын пленардык жыйынында «ATS-Group» (Бай-Дыйкан) компаниясынын өкүлү, КР Айыл чарба министринин мурдагы орун басары Иличбек Марсбек уулу, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы туурасында баяндама жасады.

Эл аралык конференцияга 350дөн ашуун эксперттер, чет өлкөлүк жана жергиликтүү компаниялардын, Германиянын, Чехиянын, Франциянын элчиликтеринин өкүлдөрү, чарбалардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын ишине Кыргызстан тараптан, «ATS-Group» (Бай-Дыйкан) компаниясынын өкүлү Иличбек Марсбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын Ветеринардык Кеңешинин мүчөсү, “Кыргызстан ветеринарлар Альянсы” коомдук бирикмесинин Талас облустук өкүлү Асанов Таалайбек Абдышевич катышууда.

Аталган эл аралык конференция Казакстандын Ветеринардык палатасынын жетекчилиги алдында уюштурулуп, жыл сайын өткөрүлөт.