Жапон ветеринардык медицина Ассоциациясынын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон иш сапары.

,
vsb.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрынан 11-декабрына чейин жергебизге Жапон кесиптештерибиз, Жапон ветеринардык медицина ассоциациясынын аткаруучу директору, доктор Масато Сакаи жана Китасато университетинен профессору, доктор Наоюки Ито келишти.

Иш сапардын жүрүшүндө төмөндөгү иш чаралар өткөрүлдү:

Иш сапарынын биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы менен JVMA ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болду.

Кызматташтык жөнүндө бул Меморандумдун максаты, өз ара кызматташуунун негизинде эки тараптуу достук кызматташтыкты түзүү, ветеринария тармагында жаңы методологиялык мамилелерди алмашуу,  адистердин квалификациясын жогорулатуу программаларынын алкагында технологиялык жетишкендиктерди колдонуу менен бир багытта иш алып баруу болуп саналат.  

Ошол эле күнү, 2023-жылдын 9-декабрында “Азия ветеринарларын Японияда окутуу” программасынын талапкерлери үчүн квалификациялык турдун экинчи этабы болуп өттү.

Программанын төртүнчү квалификациялык тандоо этабына Кыргызстандан төмөнкү талапкерлер катышты: Кыргыз Республикасынын Ветеринардык кызматынын улук ветеринардык инспектору Калыс Абдылдаев, А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери Нурия Чоконова, Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн серология бөлүмүнүн жогорку категориядагы ветеринары Раатбек Садыков жана ветеринардык дарыгер, «Оазис Агро» ЖЧКсынын өкүлү Роксана Ташбаева.

Квалификациялык тур Китасато университетинин профессору доктор Ито сан жана JVMA аткаруучу директору доктор Сакай сандын катышуусунда өттү.

2023-жылдын 10-декабрында биздин меймандар А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунда болуп, институттун жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө институт директору, биология илимдеринин кандидаты Жайлообек Орозов келген конокторго институттун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди, лабораторияларга сырттан экскурсия жасап, ошондой эле алдыдагы пландар жана квалификациялык потенциалды жогорулатууга багытталган максаттары тууралуу кеңири айтып берди.

Китасато университетинин профессору, доктор Наоюки Ито сан Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинде болуп, студенттердин окуу процесси жана окуу шарттары менен таанышты.

Кесиптештерибиз Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин деканы, ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Бегалиев Рысбек Токтосунович жана ветеринария жана биотехнология факультетинин профессору, акушердик кафедрасынын башчысы, ветеринария илиминин доктору Акназаров Бекболсун Камчыбекович, факультеттин ишмердүүлүгү жана келечектүү пландары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, учурда аталган факультеттин анатомия жана физиология кафедрасынын жаш окутуучусу Нурзина Атабекова эл аралык "Азия ветеринарын Японияда окутуу" программасынын алкагында Жапан мамлекетинин Оамор шаарындагы Китасато университетинде бир жылдык стажировкадан өтүп жатат.