Биздин кесиптештер Жапан өлкөсүндө билим алуу укугуна ээ болушту.

,
c0c2484a-d283-3fd0-94f8-5d9dd6b79b1d.jpg

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен Жапон ветеринардык медицина Ассоциациясынын өз ара кызматташуусунун алкагында, Жапон мал чарбасына көмөк көрсөтүү Фондунун каржылык колдоосу астында “Азия ветеринарларын окутуу” программасы боюнча эл аралык сынак жыйынтыкталды.

Аталган сынака Кыргызстандан үч жаш ветеринардык врач катышып, Программага катышуу укугуна Дүйшеева атындагы ветеринардык илим изилдөө институнун кызматкери Медер Айдаров жана Кыргыз Улуттук агрардык университетинин ветеринардык факультетинин окутуучусу Нурзина Атабековалар ээ болушту.

Программанын негизги максаты, Азия өлкөлөр арасында өз ара кызматташуунун негизинде, трансчекара ылаңдарына бирдиктүү каршы туруу максатында кадрларды даярдоого, ветеринардык медицинаны өнүтүрүүгө жана өз ара кесиптик байланыштарды түзүүгө багытталган.

Бул программа 1 жылдык болуп саналат жана Япониянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын базаларында өтөт. Программанын катышуусуна окуу төлөмү, жол кире, батир акылары, медициналык камсыздандыруу, жашоого жөлөк пул, коммуналдык, уюлдук байланыш жана башка чыгымдары төлөнүп берилет.

Программага сынак жыл сайын өткөрүлөт жана жаш курагы 45тен ашпаган, мамлекеттик, жеке жана билим берүү тармагында ишмердик жүргүзгөн, жогорку билимдүү, англис тилин билген ветеринардык врачтар катыша алышат. Конкурска катышууга талапкерлерди сунуштоо Эл аралык Азия ветеринарлар ассоциациясына мүчө уюмдар аркылуу ишке жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы 2020-жылдан бери Азия ветеринарлар Ассоциациясынынын мүчөсү болуп саналат.

Кийинки жылы программага катышууну каалагандар болсо күтөбүз.   

Ал эми быйылкы жылы Программага катышуу укугуна ээ болгон кесиптештерибизге ийгилик каалайбыз.