Урматтуу кесиптештер, Жапон жергесинен жылуу салам.

,
PHOTO-2023-05-12-15-21-20.jpg

Мен, Айдаров Медер А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринардык илим изилдөө институтунун кызматкери, үстүбүздөгү жылдын апрель айынын башында Жапон мамлекетинин Кагосима шаарында жайгашкан Кагосима университетине “Азия ветеринарларын окутуу” программасынын алкагында бир жылдык окуу курсуна келдим.

Окуу программасы жаңы эле башталды, Кагосима шаарына келээрден алдын эки жума Токио шаарында болуп, Жапон элинин каада-салты, жашоо шарты, ошондой эле Токионун тарыхий борборлору, музейлери менен таанышып, Азия өлкөлөрүнөн (Түштүк Корея, Вьетнам, Тайланд, Индонезия, Малайзия, Монголия, Бангладеш ж.б) келишкен ондогон кесиптештерибиз менен достук мамиле түзүүгө жетиштим.

Жапон өлкөсү, элинин маанайы, жүрүм-туруму, бири-бирине болгон сый мамилеси, айрыкча айлана-чөйрөгө жасаган аяр мамилелери, кайсыл жакты карабайлы тегерегибиздин укмуштуудай тазалыгы мени таң калтырууда.

Учурда, Бангладештен келген кесиптешим Сиразул Ислам экөөбүз Кагосима университетинде ПЦР жана визуализация багытында окуу курсун баштадык.

Менин, бул курска катышуу укугун алууга жакындан колдоо көрсөткөн Кыргыз Ветеринардык палатасынын директору Кубатбек Маматкуловко ыраазычылык билдиремин.

Бул менен Жапония өлкөсүнө келгендеги биринчи көз карашым болду, мындан ары да сиздер менен байланышта болуп, кызыктуу маалыматтар менен байланышып турамын. Аман туруңуздар.

Сиздерди урматтап, Медер Айдаров