Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын жаңы курамы.

,
image_870x_6515adef8d88f.jpg

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы, Кыргыз улуттук ветеринардык системасын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү максатында түзүлгөн.

Ветеринардык палатаны түзүү 2011-жылы Айыл чарба министрлигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкөтүнүн 2008-2012-жылдар аралыгында Кыргыз ветеринардык системасын өнүктүрүүнүн Стратегиялык программасынын алкагында, эл аралык донордук уюмдардын кардылык колдоосу астында ишке ашырылган.

Ветеринардык палатанын функционалдык милдеттери Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндөгү” (30 декабрь 2014-ж, № 175) мыйзамынын 5-Главасынын 23-24-беренелеринде белгиленген.

Ар бир өлкөдө жеке ветеринардык практиканы автономдук негизде жөнгө салуу функциясын аткаруучу Ветеринардык палата институтунун болуусу Эл аралык талап жана жеке ветеринардык ишкердүүлүктү жөнгө салуунун инстументи болуп саналат.

2023-жылдын 25-ноябрында Ветеринардык палатанын түзүүчүлөрүнүн (учредители) жалпы жыйыны өтүп, Ветеринардык кеңештин мүчөлөрүнүн саны 13төн 15 мүчөгө көбөйтүлүп, 12 жаңы мүчө шайланды.

Ветеринардык палатанын Ветеринардык кеңешине талапкерлер республика аймагында иш алып барышкан кесиптик бирикмелер/ассоциацилар тарабынан көрсөтүлүп, палатанын Уставынын 4.9-пунктунун 2-абзацына ылайык тандалып алынды.

Тактап айтканда, Ветеринардык кеңештин курамына төмөндөгү кесиптик коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтүштү.

-          «Республикалык ветеринарлар ассоциациясы» -10 талапкер;

-          «Кыргызстан ветеринарлар Альянсы» - 3 талапкер;

-          «Кыргызстан ветеринарлар Лигасы» - 3 талапкер;

-          «Кыргызстан ветеринарлар Ардагерлери» - 1 талапкер.

Көрсөтүлгөн 17 талапкердин 10ну Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органынын Уставынын 4.9-пунктунун 2-абзацына ылайык тандоо турунан өткөн жок. Калган талапкерлердин баары Ветеринардык Кеңештин курамына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын жаңы курамын бул тиркемеден көрөңүз болот: https://www.vsb.kg/ky/pages/nabludatelnyi-sovet.html