Жаңылыктар
ящур.jpg

Ящур — опасная остро протекающая высококонтагиозная вирусная болезнь многих видов животных, характеризующаяся лихорадкой, слюнотечением, афтозно-эрозийными поражениями слизистой оболочки языка и ротовой полости, кожи носового зеркальца, конечностей, молочных желез, миокардитом и миозитом при высокой смертности молодняка первых дней жизни. 

Rabbit-GI-lateral-Oglesbee-labeled-768x535.jpg

Урматтуу кесиптешетер,

Эгерде сиз акысыз, онлайн режиминде, интерактивтүү ыкма менен кесиптик билимиңизди өркүндөтүүгө кызыктар болсоңуз, бул LafeberVet вебинары сиз үчүн. Вебинардын темасы “Кесүү керекби же жокпу? Коендун ичеги-карын синдрому”. Вебинарды түз эфирде практик врач Джоанной Шин алып барат.

uzitalas.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 20-22 сентябрь айында Талас облусунун аймагында Польшалык ветеринардык врачтардын катышуусунда өткөрүлгөн  "Veterinary Expedition Kyrgyzstan-2021"долбоорунун алкагында эхинококкоз оорусу аныкталган 3 окуучу (10-11жаш) бүгүн, 14-декабрында Жал кичи районунда жайгашкан балдар ооруканасында комплекстүү медициналык текшерүүдөн өтүштү.

cd0fe9b8-b2c1-4caf-b8bc-48c1fa341b77.jpg

15-декабрда Кыргыз Республикасынын Ветеринрдык палатасынын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жолугушууда сөздүн негизги багыты, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги тарабынан KOICAга сунушталган “Кыргызстанда жаныбарлардын асылдуулугун жогорулартуу” багытындагы долбоордун өлкөнүн мал чарбачылыгы үчүн канчалык денгээлде керектиги, аны ишке ашыруунун жолдору, долбоорду ишке ашырууда жеке ветеринардык адистердин ролу жөнүндө болду жана Кореядан келген коноктор Ветеринардык палатанын ишмердүүлүгүнө кызыгып, бул багытта бир топ суроолорду берип жооп алышты.

IMG_7141.jpg

2021-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы "Менин кесибим-Менин сыймыгым" аталышта жарыяланган конкурстун жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүсүн аныктады. 

Конкурстун жеңүүчүсү катары Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын жеке ветеринардык врачы Бобровская Анастасия Ионовна табылып, жеңүүчүнүн диплому жана атайын белектер (хирургиялык набор, операцияга колдонулуучу материалдар ж.б. ветеринардык буюмдар) менен сыйланды.

Конкурста өзүнүн күнүмдүк иш аракетин чагылдырып, ветеринардык кесипти даңазалаган 1 мүнөттүк видеоролик тартуу шарты коюлган. 

b3b221db-2b6f-4cb6-a28e-83a7917dde89.jpg

Бүгүн, 2021-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын директору Кубатбек Маматкулов Кыргыз улуттук агарардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин деканы, ветеринария илиминин доктору, профессор Акназаров Бекболсун Камчыбековичти Ардак грамота менен сыйлады. 

maxresdefault.jpg

Наши системы здравоохранения не предотвратят пандемии, если «Большая двадцатка» (далее -G20)  не будет инвестировать в здоровье животных.