Жаңылыктар
298760082_816381003061611_8189093105629434889_n.jpg

2022-жылдын 15-августунда жергебизге Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын расмий чакыруусу менен Бүткүл дүйнөлүк Ветеринардык ассоциациянын Президенти доктор Рафаэль Лагуэнс жумушчу иш сапары менен келди.

2.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 18-24-июль күндөрү аралынында Түркия жергесинин Бурса, Эскишехир, Анкара шаарларына болгон окуу турубуз жемиштүү болду деп эсептеймин. Бул күндөр аралыгында 16 чарба жүргүзүү субъектилеринде болуп, алардын иш аракеттери менен жеринде тааныштык. 

PHOTO-2022-07-26-16-17-11.jpg

2022-жылдын 22-июль күнү Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринардык факультетинин биргелешкен тажрыйба алмашуу долбоорунун биринчи этабы алкагында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен Түрк Ветеринардык Бирдигинин ортосунда өз ара кызматташуу келишими талкууланып, кол коюлду.

PHOTO-2022-07-26-16-17-06_1.jpg

2022-жылдын 18-23-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринардык факультетинин биргелешкен тажрыйба алмашуу долбоорунун биринчи этабы жыйынтыкталды.

WhatsApp Image 2022-06-16 at 16.21.35.jpeg

2022-жылдын 15-июнунан тартып 19-июнуна чейин Улуу Британиянын Лондон шаарында Европа ветеринарлар Федерациясынын кезектеги Башкы Ассамблеясынын отуруму болуп өттү. 

37th-report-400x265.png

Дүйнөлүк ветеринардык Ассоциациянын (WVAC 2022) 37-конгресси 2022-жылдын 29-31-мартында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн.

B7143579-89AD-41DB-A1E6-1D8D149D0660.jpeg

Урматтуу кесиптештер, кадырлуу ага-ини, достор, эже-карындаштар баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын атынан Бүткүл дүйнөлүк ветеринарлар күнүнө удаалаш келген Кыргыз улуттук ветеринардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймынжана дайыма сак-саламатта, элге кызмат өтөп жүрө беришиңиздерге тилктешмин.

33B6BBE8-58F5-45A6-99E1-5DCF936E3E47.jpeg

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасыКыргызүрк “Манас” университетинин ветеринардык факультети менен биргеликте, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин каржылык колдоосу астында “Салттуу мал чарбачылыгынан, заманбап мал чарбачылыгын жүргүзүүгө өтүүдө Түркия-Кыргызстан ортосунда тажрыйба бөлүшүү” долбоорун ишке ашырууга киришти.

PHOTO-2022-04-05-09-07-35 (1).jpg

Бул иш-чара 2022-жылдын 29-мартынан 31-мартына чейин Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өттү. Ветеринардык дарыгерлердин Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын (ВВА) Башкы Ассамблеясынын ишине катышуу ветеринардык практиканы жөнгө салуу жана үзгүлтүксүз иш алып баруу жаатында кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча башка өлкөлөрдүн ветеринария боюнча статуардык органдары менен кесиптик байланыштарды түзүүгө жана кеңейтүүгө багытталган. 

images.jpg

“Ветеринардык палата” мекемеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаттары Айнура Осмонова менен Нурбек Мурашевге “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамын кабыл алуу процессине колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет. Мыйзам 2021-жылдын 20-октябрында № 123 кабыл алынган.