Жаңылыктар

2017-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын отурумдар залында Чуй жана Талас облусунун ветеринардык адистеринин райондук жана облустук бирикмелеринин жетекчилери, ошондой эле, республикалык бирикменин  өкүлдөрүнун катышуусунда семинар тренинг болуп өттү.

Семинар-тренингдин жүрүшүндө аталган Долбоор жөнүндө жана анын алкагында, жеке ветеринардык адистердин түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырыла турган иш чаралар жөнүндө, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы – Ветеринардык палата  жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.

  Семинар тренингке Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын жана Жааматтарды өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттигинин адистери катышты.

Семинар тренингди Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору М. Таиров алып барды жана аталган иш чаранын  аягында катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, жеке ветеринардык адистердин бирикмелеринин жетекчилерине Долбоорду ишке ашырууга активдүү катышууну суранды.  

 

 

 

 

IMG_3990_new.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 25-январында Эл аралык эпизоотиялык бюронун эксперттери Франсуа Гарри жана Матилде Саулниер Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын адистери менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Ветеринардык статуардык органдын эл аралык стандарттарга жана нормаларга лайык толук кандуу иш алып баруусун шарттоочу ченемдик-укуктук актылардын учурдагы абалы жөнүңдө сөз болду.


Үстүбүздөгү жылдын 23-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин кезектеги отурумунда депутаттар М. Бакиров, А. Акматов жана Н. Каримовтор тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү (Ветеринария жөнүндө, Административтик жоопкерчилик жөнүндө Кодекс)” жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окуу режиминде каралды.

2017-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамаш-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын – Ветеринардык палатанын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрду.

Эл-аралык айыл-чарбасын өнүктүрүү фондунун колдоосу менен, КРнын АЧТАӨЖжММнин айыл-чарба долбоорлорун өнүктүрүү бөлүмү ишке ашырып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1” долбоорунун алкагында каржыланган Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын Ветеринардык статуардык органдарынын ортосунда кызматташууну ишке ашыруу жөнүндө Твиннинг Келишимине кол коюлду.

2016 -жылдын 23- ноябрында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору К.Т Жумакановтын коштоосунда мырза Гаевский Игорь Владимиров баш болгон ЕАЭБ/ЕАЭС нун миссиясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.




#маалымат  


Үстүбуздөгү жылдын 17 ноябрында Кыргызстанда биринчи жолу “Кыргызстандагы ветеринардык факультеттердин студенттеринин лигасы” түзүлдү, аталган уюм Ветеринар студенттердин Эл аралык ассоциациясына мүчө болуп кирет.